Кыргызстандагы пансионаттар Өзбекстанга кайтарылабы?

9 августа 2019, 15:05

Кыргыз Өкмөтү эл аралык сотто Өзбекстанга утулуп калды. Бул тууралуу Jomart & Co компаниясынын жетекчиси, эл аралык мамилелер боюнча адистешкен юрист  Жоомарт Жолдошев социалдык тармактагы Facebook баракчасына жазып чыккан. Анда Ысык-Көлдүн жээгиндеги союз маалында Өзбекстан мамлекети ээлик кылган торт пансионаттын улутташтыруусу боюнча соттук териштирүү жүрүп, кыргызстан утулуп калгандыгы тууралуу жазылды.  

Өзбекстан улутташтырылган торт пансионат боюнча арбитраждык сотко кайрылган. Жоомарт Жолдошев эл аралык соттон утулуп калгандыгы тууралуу билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз. 

«Тилеке каршы дагы бир эл аралык сотту уттурдук. Өзбек инвесторлору тарабынан койулган доого юрисдикциясын четке кагып берилген соттон утулуп калды. (JSC Tashkent Mechanical Plant and others v. Kyrgyz Republic). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын Джонс Дэй(Jones Day) деген юридикалык компания коргогон»-деп башталат маалыматта. 

Эми доонун негизи мүлктөр(Ысык-Көлдөгү) мыйзамсыз экспроприация(улутташтыруу) болду деп коюлган. Арбитрлердин курамы: төрагалык кылган Бернардо Кремадес(Bernardo Cremades), доогер тарабынан дайындалган арбитр Гари Борн (Gary Born) жана жоопкер (Кыргызстан) тарабынан дайындалган арбитр Захари Дуглас(Zachary Douglas) болгону кабарланууда.


«Арбитрдердин, ушул жылдын 1-майында чыгарган чечиминде(азырынча коомчулука чыга элек бирок менин такталган ички булактардан алган маалыматымда) Кыргызстан тарабынан алдын ала коюлган юрисдикцияга байланышкан негиздер четке кагылган. Алардын арасында, көп колдонуучу Кыргыз Республикасынын 2003-жылкы «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамында Кыргыз Республикасы эл аралык арбитражга макулдук берген эмес деген жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу инвестицияны коргоо келишиминде жөн гана МЦУИС(ICSID) көрсөтүлгөн, мындайча айтканда кошумча эрежелери менен кароо көрсөтүлгөн эмес. Кыргызстан Вашингтон конвенциясына толук кандуу кошулбаганына байланыштуу кошумча эрежелер менен гана катыша алат. Бул негиздер четке кагылып, Кыргыз Өкмөтү дагы утулду. Эми доонун негизин кароого өтөт»-деп билдирди Жоомарт Жолдошев.

Ошону менен  катар Өзбекстандык инвесторлорду дүйнөгө атагы чыккан, белгилүү Уайт энд Кейс(White and Case) Эл аралык юридикалык компаниясы коргоп жатканын кошумчалап, ал эми кыргыз Өкмөтү  тарабынан жасалып жаткан коргоо  боюнча төмөндөгү  пикирин билдирген.

«Ал эми биздики баягыдай эле шалаакылык. Чечимди коомчулука жарыяланганда кенээн анализ кылып берем».

Ал акырында мамлекеттик кызматтагы чиновниктердин тар түшүнүгү, казынадан кетирилип жаткан чыгымдар тууралуу  жеке пикири  менен нааразычылыгын билдирген.

 «Бул көрсөтүлгөн аргументтер мурунтан эле айтылып ийгиликсиз болуп келгендер. Арга жок ойго келген маселелер, биздин атка минерлердин эл аралык арбитраж жөнүндө кабары болбогону же/жана Кыргыз элинин акчасына(ар бир сотко бюджеттен миллион деген долларлар кетет), кыргыздын намысына, тагдырына жана кыргыздын экономикасына абсолюттуу кайдыгер болуусу» -деп билдирген.

Андан тышкары, чет элдик юристерди тартуу менен жеке кызыкчылык көздөгөн Кыргыз чиновниктерине нааразы болгон. 

«Абдан өкүнүчтүү. Жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр аралашып чет өлкөдөн кайдагы юристтерди табып алышып элдин акчасын жеп отурушканы өкүндүрөт»,-деп жазат Жоомарт Жолдошев.

Алдыда негизги маселе боюнча арбитраждык сотто териштирүү  болуушу күтүлүүдө.