2018 – жылы улуттук авиакаттамда жүргүнчүлөрдүн көлөмү 1.4 млн. адамды түзгөн

7 октября 2019, 13:45

2018 – жылы улуттук авиалиниядагы жүргүнчүлөрдүн көлөмү 1.4 млн. адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Анын ичинен 57.1% эл аралык жана 42.9% - ички ташуулар түздү. Аба транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жүгүртүүсү 2 млрд. ашык жүргүнчү-километрди түзөт.  
Авиа жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешелер 10,1 млрд. сомду, анын ичинде эл аралык ташуулардан - 8,5 млрд. сомду жана ички ташуулардан - 1,6 млрд. сомду түздү.

Туристтик тармактын өнүгүшү менен эл аралык авиа жолдорунда жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү. 2014-жылы 3 млн. жакын адам тейленген болсо, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы 3,5 млн. адам көрсөткүчүнө жетти, бул 16,7 пайызга көп. 

Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ички жана эл аралык авиа жолдору аркылуу ташууну мекенибиздин «Эйр Манас» ЖЧК, «Avia Traffic Company» ЖЧК жана «TEZ JET» ЖЧК авиакомпаниялары камсыздап келүүдө.