2019-жылы Мамкурулуш 702 лицензия берген

24 января 2020, 16:15

2019 - жылы Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги турак-жай жана имараттарды курууга 702 лицензия берген. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаарына - 395, Ош облусуна - 147, Чүй облусуна - 59, Жалал-Абад облусуна - 49, Ысык-Көл облусуна - 21, Талас облусуна - 16, Нарын облусуна  - 8 жана Баткен облусуна - 7 лицензия берилген. Алардын ичинен 692 лицензия юридикалык жактарга, 10 жеке ишкерлерге берилген.

Лицензия алууга жалпысынан 738 арыз келип түшкөн.