2019 - жылы КР эмгек акынын орточо көлөмү 16 миң 586 сомду түзгөн

28 января 2020, 17:40

2019 - жылдын январь - ноябрь айларынын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы эмгек акынын орточо көлөмү 16 миң 586 сомду түзгөн. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. 

Бул көрсөткүч, 2018 - жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 5.3% жогорулаган. Керектөө бааларынын индексинин реалдуу өсүшү 4.3% түзгөн.