2019-жылы Кыргызстанга Түштүк Кореядан 16 миң турист келген

15 января 2020, 13:40

КР туризм департаменти Кыргызстанга келген  кореялык туристтердин санынын өсүп жаткандыгын билдирди. Өткөн жылы алардын саны 16 миңди түзгөн. Бул тууралуу департаменттин башчысы Дамир Максат уулу Сеулда өткөн иш-чарады маалымдады.

Түштүк кореялык туристтердин санынын өсүп жаткандыгыныны себеби, атайын виза талап кылынбагандыгы менен байланыштуу. Мындан сырткары, келечекте кызматташууга 70 туристтик жана башка Түштүк Кореянын жана Кыргызстандын компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 

КР туристтик компаниянын өкүлдөрү, Кореядагы өнөктөштөрүнө Кыргызстандагы туризм тармагы тууралуу кенен маалымат беришкен.