Былтыр Кыргызстан ЭВФке болгон карызын дээрлик үч эсеге көбөйткөн
Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Эл аралык валюта фондуна мамлекеттик карызы 376,38 миллион долларды түздү, деп билдирди Каржы министрлиги.
Ошол эле учурда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча карыз 140,34 миллион долларды түздү. Муну менен 2020-жылы Кыргызстан ЭВФке болгон карызын 2,7 эсеге же 236,04 миллион долларга көбөйткөн. Бул фондду 2020-жылы республиканын негизги кредитору кылган.
Ушул жылдын сентябрынын аягында ЭВФке болгон карыз 354,77 миллион долларды түзгөнүн кошумчалайбыз.