2020-жылы кыргызстандыктар 31.1 млрд сомго чакан насыя алышкан

28 марта 2021, 16:08

2020-жылы чакан насыя берүүчү уюмдардан 31.1 млрд сомго насыя берилген. Муну менен катар насыя алуучулардын саны 707 миңге жакындаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

 

Белгиленгендей, чакан насыя алуучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 13.2%, ал эми ири суммадагы насыя алуучулардын саны 3.2% жогорулаган. 

Кошумчалай кетсек, чакан насыянын басымдуу бөлүгүн Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары алышары маалым болду.