Бишкек мэриясы 2020-жылы 43 миллион сомду мыйзамсыз пайдаланган

16 апреля 2021, 16:30

2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун алдында борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери 43 миллион сомду мыйзамсыз пайдаланган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

[жаңылыктар 34120]

 

Бишкек шааардык кеңешинин депутаттары жана Бишкек шаарынын муниципалитетинин кызматкерлери 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун алдында бюджеттик каражаттарды жеке кызыкчылыктарына жумшагандыгы үчүн жарандык демилгелер долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобо кабыл алынды.

Бул жарандык долбоорлор өз кезегинде шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен гана ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жүргүзүлгөн.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.