2020-жылы банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 162,8 млрд сомду түздү

12 мая 2021, 13:00

2020-жылдын аягында банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 162,8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин пресс-конференциясында белгилүү болду.

162,8 миллиард сомдун насыясынын 67% улуттук валютада, калганы - 33% чет өлкө валютасында берилген.

Өз кезегинде, жеке жактарга берилген насыялардын көлөмү жалпы кредит портфелинин 48,2% түзгөн. Бул тармактагы акча каражаттарынын жүгүртүлүшүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу, соода жаатындагы ишкерлерге насыя берүү 2020-жылы банктар үчүн артыкчылыктуу багыт болгон.

Насыя портфелинин төрттөн бир бөлүгүнөн ашууну соодадан турары маалым болду.