2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 43.5% төмөндөшү мүмкүн

28 ноября 2019, 16:54

2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 43.5% чейин азайуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖК өткөн жыйында билдирди. 

Премьер-министр тышкы карызды эффективдүү жана стабилдүү тейлөө үчүн так нормалар бюджетке киргизилгенин белгиледи. 

«2019-жылдын башында тышкы карыздын көлөмү ИДПга карата 48% түзгөн. 2020-жылы анын көлөмү 43.5% төмөндөшү күтүлүүдө. Көрсөткүчтөр азайып жатат. Бюджет тартыштыгын жана тышкы карызды азайтуу максатында өкмөт бюджетти бекемдөө саясатын жүргүзүүдө. Бюджеттин күн сайын чыгашасы, ички булактар аркылуу жабылып турат, ал эми тышкы каржы булактар экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат», - деп билдирди премьер-министр.