2020-жылы Бишкек шаарынын бюджети 10 млрд сомго жетет

14 января 2020, 16:15

2020-жылы Бишкек шаарынын бюджети 10 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу жыйында биринчи-вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди. 

2020-жылдан тарта борбордо жарандык демилгелердин пилоттук долбоору ишке ашырылат. Шаардыктар,  борбордун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн ар турдүү долбоорлорду көрсөтүп, каржылык жардамга ээ боло алышат. 

Бакетаевдин айтымында, салыктан түшкөн каражаттар кайда жумшалып жаткандыгы жана чыгаша, сатып алуулар, электрондук аукциондор бардыгы ачык-айкын көрсөтүлүп турат.