2020-жылы юридикалык жактардын узак мөөнөттүү депозити 98% жогорулаган

2 февраля 2021, 09:35

2020-жылдын декабрь айынын аягында юридикалык жактардын узак мөөнөттүү депозиттеринин көлөмү 1.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Жыл ичинде 3 жылдан өйдө салымдар 97.7% өскөн. Буга чейин орточо пайыздык чен 7.7% түзүп келсе, азыр 2.1% чейин төмөндөгөн. Январда отчеттук мезгил убагында салымдардын көлөмү 29.7 млн сомду түзгөн. Июлда 10 эсе жогорулап, 294 млн сомго жеткен. Салымдар сентябрда 2.5 эсеге жогорулап, 715 млн сомду түзгөн. 

Эсепте юридикалык жактардын салымы 53.3 млрд сомду түзөт. Ыкчам депозиттерде – 14 млрд сомго жакын каражат бар.