2020 - жылы МСК салыкты 93.7 млрд сомго жеткирүүнү пландоодо

15 января 2020, 11:45

2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы 83.9 млрд сом салык чогултуп, планды 100% толук аткарышкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, план 10.8 млн сомго ашыгы менген аткарылган. 

Алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешеси - 128.1% 

бирдиктүү салык - 120.5% 

жер салыгы - 111.3% 

кыймылсыз мүлк салыгы - 107.5% 

киреше салыгы - 106.4% 

кыймылдуу мүлккө болгон салык - 104.4% 

ыктыярдуу патенттин негизинде - 103.7% 

милдеттендирилген патенттин негизинде - 103.3% 

жер казынасын пайдалануу боюнча - 103.2% 

салыктык эмес булактардан - 130.2% 

 

2020-жылы МСК 93.7 млрд сом салык чогултуусу керек.