2020-жылы Кыргызстан 5.6 млрд долларга соода жүгүрткөн

10 февраля 2021, 12:30

2020-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5.6 млрд долларды түзгөн. Өткөн жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

 

Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 19% төмөндөдү. Экспорттук жеткирүүлөр 1.1%, ал эми импорт — 26.2% төмөндөдү. 

ЕАЭБдин өз ара соода жүгүртүүсү 2.4 млрд долларды түздү, көлөм 12.5% төмөндөдү. КМШ өлкөлөрүнөн сырткаркы мамлекеттерге болгон экспорт 12.4% жогорулады. Бул сыртка чыккан алтындын 18% өсүшү менен байланыштуу. Жалпысынан экспорттун жалпы көлөмүнүн жарымын алтын ээлеген.