2020-жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысына 5.7 млрд сом бөлүнгөн

8 января 2021, 09:10

2020-жылы саламаттык сактоо тармагына жалпысынан 79.3 млрд сом чыгымдалган. Бул тууралуу «Ачык бюджет» порталында маалымдалууда. 

 

 

Отчеттук мезгил убагында медицина кызматкерлеринин эмгек акысына 5.7 млрд сом жумшалган. Анын ичинен башкы эмгек акыга 2.8 млрд сом, кошумча төлөм жана компенсацияларга - 1.7 млрд сом, кошумча төлөм - 878 млн сом бөлүнгөн. Убактылуу иштегендерге 185 млн сом каралган. 

 

Социалдык фондко 778 млн сом взнос бөлүнгөн.