2020-жылы Юстиция министрлиги бюджетти 152.7 млн сомго толтурган
Юстиция министрлиги 2020-жылы республикалык бюджетти 152.7 млн сомго толуктаган. Жыл жыйынтыгы тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Которулган каражаттын басымдуу бөлүгү юстиция органдары тарабынан алына турчу мамлекеттик алымдар, нотариалдык кызматтар — 140.1 млн сомду түзгөн. Калган суммаларды мамлекеттик алымдар жана төлөмдөр түзгөн.
- лицензияны берүүгө — 221 миң сом;
- сертификат жана башка уруксат берүүчү кагаздарды берүүгө — 10 миң сом;
- мамлекеттик каттоо үчүн — 101 миң сом;
- апостил койгону үчүн — 10.9 млн сом;
- башка төлөмдөр — 1.2 млн сом;
- административдик айыптар — 10.7 миң сом.