2020-жылы «Кыргызалтындын» бюджетке чегерүүлөрү 293,5 миллион сомго азайган

26 апреля 2021, 15:45

2020-жылы "Кыргызалтын" ААК бюджеттин көлөмүн 687,5 миллион сомго толуктады. 2019-жылга салыштырмалуу чегерүүлөр 293,5 миллионго азайган. Басма сөз кызматы компаниянын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыктары жөнүндө билдирди.

Өткөн жылдын аягында жалпы пайда дивиденддерди кошкондо 1,24 миллиард сомду түзгөн. Мындан тышкары, "Кыргызалтын" ААКнын активдеринин жана кирешелеринин өсүшү байкалууда. Кирешенин өсүшүнүн негизги себептери:

  • аффинаждоо заводу тарабынан алтынды аффинаждоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү;
  • депозиттерден түшкөн кирешенин көбөйүшү;
  • курстук айырмачылыктардан түшкөн киреше;
  • дивиденддик кирешенин көбөйүшү.