Тесла 2020-жылы 500 миң электр унаа саткан

4 января 2021, 12:00

 

Тесла компаниясы 2020-жылы 499,5 миң электр унаасын саткан деп жазды өндүрүүчүнүн сайты.

Отчетто белгиленгендей, Тесла 509 миңден ашуун унаа чыгарган. Алардын ичинен жаңы Model 3 жана Model Y 455 миң автоунааны түзгөн.

Компания 2020-жылдын IV кварталынын жыйынтыктары кийин жарыяланарын белгиледи.