2020-жылы Кыргызстанда 51.4 миң жаңы пенсионер катталган

8 января 2021, 14:10

Өткөн жылы Социалдык фонд тарабынан 51.4 миң кыргызстандыкка пенсия төлөнүп берилген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады. 

 

 

Андан сырткары, дээрлик 13 миң пенсионер кайрадан пенсияны эсептөө боюнча документ (эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгынын тобунун жана узактыгынын өзгөрүшү, багуусундагы адамдардын санынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат) тапшырышкан. 

 

Отчеттук мезгил убагында пенсия жана жөлөк пулдарга 45.8 млрд сом төлөнүп берилген.