2020 – жылы Кызыл-Кыяда шифер заводу ишке кирет

7 октября 2019, 09:30

2020 – жылдын I жарым жылдыгында Кызыл-Кыяда жаңы шифер заводу ачылат. Маалыматка ылайык, завод 255 млн. сомго салынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Баткен облусуна болгон иш сапарында маалым болду. 

Заводтун башкы директору Санжар Капаровдун айтымында, завод жылына 3.7 млн. сомго чейин шифер чыгаруусу күтүлөт жана 120 жумушчу орун түзүлөт. 

«Региондорду өнүктүрүүдөгү инфраструктура бизнес-долбоорлор үчүн 2 млрд. сом каралган. Аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын коомдук фонд түзүлгөн. Ошону менен бирге эле жарандарды жумуш орду менен камсыз кылган жана жергиликтүү коомдуу өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн ачылып жаткан өнөр-жай демилгесин колдойбуз. », - деп билдирет Мухаммедкалый Абылгазиев.