Кыргызстандык ишканалар 2021-жылы рекорддук субсудия алышты

24 декабря 2021, 11:15

Быйыл ишканалар рекорддук көлөмдөгү субсидияларды алышты. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 млрд 574 млн 829,3 миң сом каралган. Мындай маалыматты Финансы министрлигинен билдиришти.

Алсак, 2020-жылга салыштырмалуу субсидиялардын көлөмү 1,6 млрд сомдон дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Каражаттын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик ишканалар, тактап айтканда, 2 млрд 321 млн 613,3 миң сом алса, дагы 1 млрд 253 млн 216 миң сому жеке ишканаларга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы мамлекеттик субсидиялар дээрлик 30%га кыскарат жана 2024-жылга чейин 2,5-2,6 млрд сомдун чегинде болот.

Кошумчалай кетсек, 2022-2024-жылдары бюджеттен берилүүчү субсидиялардын көбүрөөк бөлүгү каржылык эмес сектордун мамлекеттик ишканаларына багытталат.