2021-жылы Жогорку Кеңешти камсыздоого 13,5 млн сом ашыкча сарпталган

3 января 2022, 10:58

Жогорку Кеңештин 2021-жылга такталган бюджети бекитилген бюджетке салыштырмалуу 13,5 млн сомго же 1,9%га көбөйүү менен 708,4 млн сомду түздү.

 Жалпысынан бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын көбөйүшү VI чакырылыштагы парламентарийлердин ишмердүүлүгүн узартууга байланыштуу депутаттардын фондунун 14,4 млн сомго көбөйүшүнө, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 1,7 млн сом бөлүү менен байланыштуу.

 Ошону менен бирге, Кыргызстандын Эсеп палатасынын 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышынын аудити боюнча отчетуна ылайык, чыгашалар 2,6 млн сомго кыскарган.