Былтыр ишканалар саркынды сууларды тазалоого 0,5 млрд сом жумшады
Былтыр өлкөдөгү ишканалар жана уюмдар саркынды сууларды тазалоого 495,9 млн сом чыгымдаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жакында жарык көргөн “Кыргызстандагы экология» аттуу жыйнагында айтылат.
Мекеменин маалыматы боюнча, мурунку 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылдагы чыгашалар 51,4 миллион сомго же 11,56%га өскөн.
Саркынды сууларды тазалоого эң көп Ысык-Көл облусунун ишканалары 225,5 млн сом жумшаган. Экинчи орунда Бишкектин ишканалары жана уюмдары 193,1 миллион сом сарптаган. Андан кийин Чүй облусунда 48 миллион сом, Нарында 11,5 миллион сом, Жалал-Абадда 8,4 миллион сом, Баткенде 6 миллион сом жана Ошто 3,4 миллион сом жумшашкан.
Ал эми, 2021-жылы Таластагы ишканалар саркынды сууларды тазалоого акча чыгымдаган эмес.