Былтыр камсыздандыруу компаниялары камсыздандырууга 264 млн сом төлөшкөн

31 января 2022, 12:11

2021-жылга карата камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө 263 мл 918,8 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Төлөмдөрдүн басымдуу бөлүгүн мүлктүк камсыздандыруу боюнча компенсациялар – 158 млн 330,3 сомду, андан кийин жеке камсыздандыруу боюнча төлөмдөр – 81 млн 119,2 миң сомду жана жоопкерчиликти камсыздандыруу – 11 млн 150,9 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча 250 млн 600,4 миң сом, милдеттүү камсыздандыруу боюнча 13 млн 318,3 миң сом төлөнгөн.