Камсыздандыруу компаниялары тогуз айда 250 млн сомдон ашык киреше алышты

30 ноября 2021, 09:55

Ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстандын камсыздандыруу компанияларынын таза кирешеси 256,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 14 камсыздандыруу компаниясы иштеп жатат. Алардын үчөө рентабелдүү эмес болуп чыкты. Бул ишканалардын тогуз айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 15,4 миллион сомго бааланган.

Мында отчеттук мезгилде 11 ишкана 272,3 миллион сом киреше алышкан.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 6,5%га өскөн, ал эми өткөн жылы 13 камсыздандыруу компаниясы кирешелүү болгон.