Былтыр ЕАЭБде кооперативдик товарларды жеткирүүнүн өсүшү 38% түздү

7 декабря 2022, 15:07

Өткөн жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооперативдик товарларды жеткирүүнүн өсүү темпи 38%дан ашты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктен билдиришти. 

Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен болгон сооданын алкагында өсүш 37%ды түздү. 

Мындай оң өсүү динамикасына дүйнөлүк суроо-талаптын калыбына келиши жана чийки затка болгон баанын өсүшү таасир эткен. 

“ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден үчүнчү өлкөлөргө эң көп металлургия (43,7%), химия өнөр жайы (22,2%), жыгач иштетүү (9,2%) жана кагаз буюмдары (3,3%) экспорттолот”,- деп айтылат ЕЭКтин маалыматында.