2021-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода жүгүртүү 13,8%га өстү

26 сентября 2022, 12:48

Былтыркы жылы Кыргызстан менен Түштүк Корея ортосундагы товар жүгүртүү 55,3 миллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 13,8%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Мында экспорт 25%га азайып, 600 миң долларды түзсө, импорт 14,4%га өсүп, 54,7 млн ​​доллар болду.

“Биз машиналарды, өнөр жай жабдууларын жана алардын тетиктерин, транспорттук каражаттарды жана алардын тетиктерин, электр машиналарын жана аппараттарын, ар кандай шаймандарды жана аппараттарды, пластмасса буюмдарын, резина буюмдарын, кара металлдан жасалган буюмдарды, фармацевтикалык буюмдарды, парфюмерия жана косметика, самын, жуучу каражаттар, керамикалык каражаттар, трикотаж кездемелери, кийим-кече жана аксессуарлар, майлоочу майлар, ар кандай тамак-аш азыктарды импортодук, - деп белгиледи Экономика министрлиги.

Мында кургатылган жана тоңдурулган жашылчалар, парфюмериялык жана фармацевтикалык өсүмдүктөр, авиакеросин, табигый бал, чийки тери аз өлчөмдө экспорттолгон.