Былтыр ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине 13,5 млрд доллар түшкөн

2 декабря 2022, 09:36

Кыргызстандын, Казакстандын, Армениянын, Россиянын жана Беларустун башкы көзөмөл органдары 2021-жылы импорттук бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү жана аларды аталган мамлекеттердин бюджеттерине чегерүү тартибин сактоону текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жылдык биргелешкен жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу Орусиянын Эсеп палатасы билдирди.

Аудит көрсөткөндөй, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жалпысынан импорттук бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибин сактоону камсыз кылышкан.

“Евразия экономикалык биримдиги өнүгүп келе жаткан интеграциялык бирикме. Ал 2015-жылдан 2021-жылга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы 1,6 триллион доллардан 2,06 триллион долларга чейин өстү”, — деди Эсеп палатасынын төрайымынын милдетин аткаруучу Галина Изотова.

Ошону менен бирге тараптар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бюджеттериндеги импорттук бажы алымдарынын оң динамикасын белгилешти.

"2021-жылдын жыйынтыгы боюнча алардын жалпы суммасы 20,5%га (2,3 млрд долларга) көбөйүп, 13,5 млрд долларды түздү. Бул 2017-жылдан бери тараптардын бюджетине түшкөн ташып келүү бажы алымдарынын максималдуу суммасы", — деп айтылат Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын маалыматында.