2021-жылы Кытайда 3 миң чакырым темир жол эксплуатацияга берилет

6 января 2021, 12:00

2021-жылы Кытайда 3.7 миң чакырым жаңы темир жол эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу кытайлык «Жэньмин Жибао» кытайлык газетасында маалымдалды. 

 

 

2020-жылы Кытайда 4 миң 933 чакырым жаңы темир жол линиясы эксплуатацияга берилген. Буга жалпысынан 119.56 млрд доллар каражат кеткен . 

2020-жылдын жыйынтыгы менен Кытайда 2.16 млрд жүргүнчү болгон. 2021-жылы бул көрсөткүч жылына 44% көбөйүшү мүмкүн. 

Кытайлык темир жол корпорациясынын прогнозуна ылайык, 2021-жылы темир жолдогу оор жүк ташуунун көлөмү жылына 3.4% же 3.7 млрд тоннага чейин жогорулашы мүмкүн.