Бул жылы баалуу кагаздардын чыгышы ички мамлекеттик карызды 8,1 млрд сомго көбөйттү

16 сентября 2021, 15:25

2021-жылдын январь-августунда мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 8,1 миллиард сом республикалык бюджетке түшкөн. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

12 айлык МКВларды жайгаштыруунун эсебинен 379,7 млн сом түшкөн.

МКВларды жайгаштыруу 7,7 млрд сомду камсыз кылган, анын ичинде:

  • 2 жылдык МКВ-571,5 млн сом;
  • 3 жылдык МКВ-717,4 млн;
  • 5 жылдык МКВ-2,4 млрд;
  • 7 жылдык МКВ-1. млрд;
  • 10 жылдык МКО-2,5 миллиард сом.