Былтыр мамлекеттик кепилдиктердин 89% аймактарга берилген

22 февраля 2023, 11:35

“Кепилдик фонддун” кепилдиги менен 2022-жылы ишкерлер 9 миллиард 97 миллион сомго насыя алышкан. Кепилдиктердин суммасы 1,8 млрд сомду түздү.

Маалыматка ылайык, кепилдиктерди берүүнүн артыкчылыктуу багыттары өндүрүш, айыл чарба жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, туризм болуп саналат. 

“Өткөн жылы берилген кепилдиктердин жалпы санынын 89%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта. 

Айыл чарбасына жана айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүгө берилген насыялардын үлүшү насыялардын жалпы көлөмүнүн 39%ын, өнөр жайга - 18%, курулушка - 7%, транспортко - 4%, кызмат көрсөтүүлөргө - 12%, соодага - 19%, өнөр жай тармактарында - 2% жана башка тармактарга берилген.