Былтыр алкоголдук ишканалар бюджетке 4,5 млрд сом төлөшкөн

19 апреля 2023, 11:04

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүгү алкоголдук продукцияны өндүрүү жана дүң сатуу менен байланышкан ишканалар мамлекеттик бюджетке кеминде 4 миллиард 456 миллион сом төлөштү. Бул тууралуу OsOO.KG контрагентти текшерүү кызматынын отчетунда айтылат.

Ири төлөөчүлөрдүн катарында "Форестер" ЖЧКсы (1,2 млрд сом), "Аю" ЖЧКсы (634 млн сом), "Сибирь Трейд" ЖЧКсы (614 млн сом), жана "Абдыш-Ата" ишканасы (545 млн сом) бар.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы бюджетке 79,5 млн сом төлөгөн. Ошол эле учурда, 2023-жылдын 1-мартына карата уюмдун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча 17,5 миллион сомдон ашык карызы болгон.