Азык-түлүктүн баасы 2022-жылы рекорддук деңгээлге жетти

9 января 2023, 09:45

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) азык-түлүк бааларынын индекси 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу орточо эсеп менен байкаларлык жогору болгон. Бул тууралуу Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, буудай менен жүгөрүгө болгон дүйнөлүк баа жыл ичинде рекорддук чекке жеткен. Өсүмдүк майынын баасы да максималдуу чекке жеткен. Ал эми 2022-жылдагы сүт жана эттин баасынын индекси 1990-жылдан бери орточо эң жогорку деңгээлди көрсөткөн. 

Бирок уюм 2022-жылдын декабрында төмөндөө тенденциясы болгондугун белгиледи. Ага ылайык, азык-түлүк бааларынын дүйнөлүк индекси ноябрь айына салыштырмалуу декабрда 1,9% төмөндөгөн.