Былтыр комбанктар валюта аукциондорунда 2 млрд доллар сатып алды

4 января 2023, 13:48

Өткөн 2022-жылдын 10-январынан 30-декабрына чейин Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 1 миллиард 915 миллион 676,7 миң долларды сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Эң көп бир жолку валюта январь, март, июнь, ноябрь жана декабрь айларында сатып алынган. Бул Улуттук банктын валюта рыногуна интервенция жасашы менен байланыштуу. Алсак, март-июнь айларында Улуттук банк АКШ долларын сатып алып, калган убакта саткан. 

Аукциондордо доллардын орточо курсу 84,1 сомду түзгөн. Ошол эле учурда, 15-марттагы банктар аралык аукциондо америкалык валюта эң кымбат 105 сомдон сатылган.