Былтыр өлкөдө депозиттик эсептерге 1,5 трлн сом салынган

4 мая 2023, 11:28

Улуттук валютадагы депозиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 2022-жылдын акырына карата 5,6%ды түздү. Ал эми чет өлкө валютасында чен 0,6%га чейин төмөндөгөн (0,3 пайыздык пунктка). Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылы банктар тарабынан кабыл алынган депозиттердин көлөмү 1 трлн. 513 млрд. 700 млн. сомду түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 66,5%га көп.

Улуттук валютадагы депозиттер 62,7%га өсүп, 1 триллион 24,4 миллиард сомго жеткен. Чет элдик валютадагы депозиттер 75,2%га өсүп, 489,2 млрд сомду түзгөн.

“Депозиттердин негизги агымы талап кылынган акча каражаттардын депозиттик эсептерге түшүүсү менен камсыз болду”, - деп белгилейт Улуттук банк.