Былтыр Айыл чарба министрлигине 8,7 млрд сом бөлүнгөн

19 января 2023, 13:44

Былтыркы жылы Каржы министрлиги Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине 8 миллиард 694,2 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Анын ичинен министрликке 2 миллиард 47,4 миллион сом "мамлекеттик инвестициялар" беренеси боюнча, 630 миллион сому "капиталдык салымдар" беренеси боюнча жана учурдагы бюджет боюнча 6 миллиард 16,8 миллион сом түшкөн.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматына 997,8 миллион сом каралган. Ошондой эле акча учурдагы бюджетке (592,6 млн. сом) жана мамлекеттик инвестицияларга (405,2 млн. сом) бөлүндү.