Быйыл айыл чарбаны өнүктүрүүгө 26 млрд сом бөлүнгөн

5 октября 2022, 14:01

Быйыл айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 26 млрд сом бөлүнгөн, анын ичинен 10 млрд сом кластердик каржылоого багытталган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо маселеси каралып жаткан жыйында билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле 6% менен жеңилдетилген насыяларды берүүгө, сугат тармагына 1,7 млрд сом, сапаттуу үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом, жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөн. Кошумча 271 млн сом лизингге айыл чарба техникасын берүүгө бөлүнгөн.

“Учурда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери аяктады. Түшүм жакшы болот деп үмүттөнөбүз. Маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди (былтыркы жылы 14,7 ц/га) түзүп, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсеге өскөн. Өлкө боюнча 233,7 миң гектардан (99,8%) буудай жыйналды”, - деди ал.

Жыйында тиешелүү министрликке кант кызылчасы, пахта өңдүү дан эгиндерин жыйноого өзгөчө көңүл буруу, күздүк эгиндерди себүүнү өз убагында аткаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн эгин-эсептөө иштерине өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды. Мындан тышкары бир катар машина-трактордук станцияларды жана айыл чарба машиналарын оңдоочу устаканаларды ачуу тапшырмасы берилди.

Ведомствого министрлер кабинетинин кант кызылчасынын эгиндерин темир жол транспорту менен ташуу боюнча токтомунун аткарылышын камсыз кылуу, тарифтик ставканы 2016-жылдын деңгээлинде белгилөө тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө “Алтын күз” айыл чарба жарманкесин жана “АгроТехЭкспо” — 2022» аттуу мамлекеттик агро өнөр жай комплекси көргөзмөсүн Бишкекте уюштуруу жана өткөрүү маселелери каралды.