Быйыл спортту өнүктүрүүгө бюджеттен 1,3 млрд сом бөлүндү

25 ноября 2022, 15:09

Ушул жылы спортту өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 374 миллион 994 миң сом бөлүндү. Алгач бул тармакка 900 миллион 161 миллион сом бөлүү пландалган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылдын аягына чейин өлкөнүн жылдык спорттук бюджетинен 136 миллион 925 миң сом каражатты спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүгө багыттоо пландалууда.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров олимпиадалык лицензия алган спортчуларды каржылоого даяр экенин билдирди.