Быйыл берилген кепилдиктердин көлөмү 1 млрд сомдон ашты
Быйылкы жылы "Кепилдик фонд" ААК тарабынан берилген кепилдиктердин көлөмү 1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын башынан бери Кепилдик фонду 1 миллиард 35 миллион сомдон ашык суммага 391 кепилдик берүү менен бизнести колдоого алды.
Кепилдик фондунун бүткүл иши боюнча жыл ичинде экинчи жолу берилген кепилдиктердин суммасы 1 миллиард сомдон ашат. 2021-жылы 1 миллиард 156 миллион сомдон ашык суммага кепилдиктер берилген.
Өнөктөш банктар фонддун күрөөсү менен 4 миллиард 311 миллион сомдон ашык кредиттерди беришти.
Кепилдиктердин 46%ы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 5%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилгени белгиленген. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 84%га жакыны өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.