Былтыр Кыргызстанда берилген насыялардын көлөмү 19,4%га өскөн

30 января 2023, 13:17

Былтыркы жылы коммерциялык банктар берген насыялардын көлөмү 19,4%га өскөн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери билдирди.

Насыя берүүнүн өсүү динамикасына негизги салымды керектөө насыялары (9,8 пайыздык пункт), соода тармагы (4,8 пайыздык пункт) жана айыл чарбасы (2,3 пайыздык пункт) кошкону такталган.

Улуттук валютада берилген насыялар боюнча орточо салмактанып алынган чен жыл ичинде 0,83 пайыздык пунктка төмөндөп, 2022-жылдын декабрында 17,82 пайызды түзгөн.