Быйыл МЖӨ аркылуу 30 млрд сомго 15тен ашык келишимге кол коюлду

15 декабря 2022, 11:12

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу быйыл 30 миллиард сомго 15 келишимге кол коюлду. Дагы үч долбоор даярдалууда. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Санжар Болотов билдирди.

Мында МЖӨ долбоорлорунун жалпы портфели 56 долбоорду түздү.

“Эң ири долбоорлордун бири Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарына компьютердик томографтарды орнотуу (5 млн. доллар), жүк ташуудан жыйымдарды электрондук чогултуу үчүн маалымат системасын киргизүү (57,2 млн. доллар), Ош облусундагы “Туратали” базарын реконструкциялоо (12 миллион доллар) жана лотереялык иш-чаралар (7 миллион доллар) өткөрүлдү”, - деди Санжар Болотов.

Ошондой эле, ал беш долбоорго чет элдик компаниялар инвестор болсо, 13 долбоор жергиликтүү экенин кошумчалады.