Былтыр керектөөчүлөргө 2,8 млн сом кайтарылган

22 февраля 2023, 10:30

Кечээ, 21-февралда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде керектөөчүлөрдүн 495 кайрылуусу жана арызы каралган. Анын негизинде 213үнө эскертүү берилип, 281 ыктыярдуу түрдө жоюлуп, мыйзам бузуу боюнча бир иш козголгон.

Арыздарды кароонун жыйынтыгы менен керектөөчүлөргө 2 миллион 854,1 миң сом гана кайтарылган.