Жогорку Кеңешти каржылоого 2022-жылы 8,4 млн доллар керектелет

29 сентября 2021, 09:03

 

"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңеш үчүн 712 миллион 465,8 миң сом, же 8 миллион 401,7 миң доллар каралган.

Бул каражаттардын көбү же 474 миллион 878,2 миң сом эмгек акы төлөөгө кетет.

Кошумчалай кетсек, бул жылы парламенттик чыгымдарга 713 миллион 545,8 миң сом бөлүнгөн.