Былтыр Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 45% өстү

23 января 2023, 12:18

Өткөн жылы 468,1 миң тонна кант кызылчасы жыйналды, бул 2021-жылга салыштырмалуу 28%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Улуттук статистикалык комитеттин документтеринде белгиленгендей, тамыр өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнүн 45%га жогорулашына байланыштуу.