Кыргызстанда 2022-жылы 96 объекттин курулушу аяктады

11 января 2023, 14:50

Былтыркы жылы Кыргызстанда 96 объекттин курулушу аяктаган. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги билдирди.

Анын ичинде 37 мектеп, 12 бала бакча, 4 спорт комплекси, 2 саламаттык сактоо, 2 маданият объектиси жана дагы 1 социалдык мекеме курулган.

"38 айылдын 87 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болду", - деп белгиледи Мамлекеттик курулуш агенттиги.