Былтыр Ош шаарында 287 жаңы ишкана ачылды

9 февраля 2023, 10:20

Ош шаарында 2022-жылы 287 жаңы чарбалык субъекттер катталып, 1872 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында айтылды.

Анткен менен 2023-жылдын 1-январына карата жумуш издеп, иш менен камсыз кылуу мамлекеттик органында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 5 551 адамды түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жумушсуздардын саны 9,9 пайызга, же 611 адамга азайган.

Белгиленгендей, жалпы жумушсуздардын 48,14% аялдар түзөт.