Дүйнөлүк банк былтыр климатты каржылоого 26,2 млрд доллар бөлдү

5 января 2023, 16:50

Дүйнөлүк банк 2022-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климатты каржылоо үчүн 26,2 миллиард доллар бөлгөн. Бул тууралуу банктын жылдык отчетунда айтылат.

Ошондой эле, адаптациялоо чараларын каржылоого рекорддук 12,9 миллиард доллар жумшалган.

Дүйнөлүк банктын отчунда 2021-2025-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнө каршы, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жардам берүү планы жазылган. 

“Мындан тышкары, банк климаттык каржылоону андан ары көбөйтүүгө жана алдыдагы беш жылда банктын каржылоосунун 35% климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү аракеттерин колдоого жумшоого милдеттүү”, - деп айтылат маалыматта.