Өткөн жылы 352 млн сомдук аткезчилик боюнча 322 факты аныкталды

1 марта 2023, 09:20

Былтыркы жылы чек араны бузган 450, мамлекеттик чек ара режимин жана чек ара режимин бузган 113 адам кармалган. Чек араны бузгандыгы үчүн айып пулдун жалпы суммасы 585 миң сомду түздү. Бул тууралуу УКМКнын коллегиясында белгилүү болду.

Ошондой эле, Чек ара кызматы тарабынан 206 миллион сомго чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүү боюнча 274 фактыга бөгөт коюлган.

"ЕАЭБдин ички чек араларында 146 миллион сомдон ашык суммага эсепке алынбаган жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча 48 факты токтотулду", — деп билдирди УКМК.

Муну менен өткөн жылы жалпысынан 352 миллион сомдук аткезчилик боюнча 322 факты аныкталган.

Ошондой эле, өткөн жылы 27 килограмм 290 грамм гашиш жана 13 килограмм 516 грамм марихуана табылган.