Былтыр акциздик салыктын эсебинен бюджет дээрлик 3 млрд сомго толтурулган

12 января 2023, 11:11

Республикалык бюджетке 2 миллиард 51,8 миллион сом акциздик салык түштү. Бул тууралуу Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылга карата акциздик салык боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу 1 миллиард 140 миллион 938 миң сом деп белгиленгени такталды.

"Алкоголь тармагына акциз салыгынын көрсөтүлгөн суммасын алуу айрым алкоголдук ишканалардын алкоголдук рыногунда мыйзамсыз үстөмдүк кылуучу абалды четтетүүнүн алкагында мүмкүн болду", - деп белгилейт Мамлекеттик алкоголдук агенттиги.

Ошондой эле, мекеменин маалыматы боюнча, алкоголдук ичимдиктерди чыгарган бардык өндүрүүчүлөр үчүн бирдей рыноктук шарттар түзүлгөн.