Быйыл бюджетке салыктык түшүүлөрдүн рекорддук өсүшү катталды

20 июля 2022, 11:57

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке салыктык түшүүлөр бир жарым эседен ашыкка көбөйүп, 57,4%ды түздү. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн мындай көрсөткүчтөрү тарыхта рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

“Адатта салыктык түшүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн өсүшү 9-12%ды түзчү. Бирок бул чек эмес. Фискалдык төлөмдөрдү көтөрүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар”, - дейт министр

Белгилей кетсек, 2022-жылдын алты айында бюджетке салыктык түшүүлөр 72,8 миллиард сомду түздү.